Фучик паркындагы мыйзамсыз курулуштар токтогон жок. Буга чейин парктын батыш тарабындагы бакты кыйып салгандар, эми ал жерди тосуп алышты. Ал эми жергиликтүү бийлик жер он жыл мурда берилип кеткенин айтып, чара көрө албай жатат.
Парктын батыш тарабындагы бактардын кыйылышын биздин журналисттер кыш айларында тартып, экранга чыгарган. Анда мамлекеттик экологиялык техникалык кызматтын өкүлү бакты кыйып салгандарды сотко берээрин билдирген.
Андан бери төрт ай өттү. Бакты кыркып салгандар бул убакытта айланасын тороп, кадимки короого айланткан. Бирок мамлекеттик экотехникалык кызмат дагы деле күнөөлүүнү таап, сотко берип, чечим чыгарта элек. Ал ортодо жергиликтүү тургундар нааразы. POST1RIGHT
Кыргыз өкмөтүнүн 1995-жылдагы токтому менен Фучик атындагы сейил бак шаардын менчигине өткөрүлгөн. Андан көп өтпөй республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизилген. Бирок, буга карабастан 2007-жылы мамлекеттик актысы сот аркылуу жеке менчик тарапка чыгарылган деп Бишкек башкы архитектурасы кол куушурат. Фучик паркындагы жашыл зонанын кыркылып жатканына жергиликтүү эл кайдыгер карап турган жок. Каттарды жазышты митингге чыгышты. Айла кеткенде минтип тороп алган дубалга пакты бузбагыла деп жазды. Бирок ошонун баарына көнүл бурбаган бийлик, бул жазууга көнүл бурушу күмөн.
Кыскасын айтканда, Фучик паркындагы курулушту Бишкек шаардык мэриясы баш болуп, калгандары төш болуп токтото албай жатат. Сот аркылуу бизге чейин берилип кетиптир деген жооп ар бир чиновниктин адат сөзүнө айланды. Мындан улам, бири бирине түртүп алакандай жерди мамлекетке кайтарып ала албаган кызматтардын кимге кереги бар деген суроо жаралат.