Элдик-патриот кыймылынын лидери Нурлан Мотуев эки айга камакка алынды. Тиешелүү чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарганын УКМК маалымдады. POST1RIGHT
Нурлан Мотуев 13-майда кармалган эле. Ал "Элдик парламенттин" отурумунда өлкөдө ИГИЛ кылып жаткандай шариаттын мыйзамдарын киргизүү керектигин билдирген.
Мотуевге карата "террористтик ишмердикти ишке ашырууга элди үндөө жана терроримзди коом алдында актоо", ошондой эле "улуттук, расалык, диний же аймактык тирешүүнү жайылтуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатат.