Туруксуз аба-ырайына байланыштуу сел жүрүү коркунучу сакталууда
Новость ktrk.kg

Токтогул районунда 100 баш койду сел агызып кетти. Табият кырсыгы 15-май күнү Тактык жайытында болду. Мындан сырткары 14-май күнү кечинде жааган нөшөрлүү жаандан улам бир катар райондо сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптап, жол менен суу каналдар жабыркады. Сел Лейлек, Аксы, Токтогул, Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунда болду. Азыркы тапта табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Материалдык чыгымдын суммасы такталууда.POST1RIGHT

Ал эми, өлкөдө сел жүрүү коркунучу сакталып жатканын кыргызгидромет маалымдады. Май айындагы жааган жаандан сел кырсыктары катталып, болжол менен 900дөн ашык турак жай жабыркады. Келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталууда. 

Аба ырайынын туруксуздугунан жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаандан улам азыр да тоолуу жана тоого жакын райондордо сел жүрүү коркунучу бар жана дарыяларда суунун денгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Ордо калаа Бишкекте жана Ош шаарында жамгыр жаашы күтүлөт, чагылган түшүшү ыктымал.