Базар-Коргон районунун Арстанбаб айыл аймагында 15-май күнү катуу жааган жамгырдын кесепети Кызыл-Алма сайында суунун көлөмүн көбөйтүп ички чарбалык жолду суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, нөшөрлүү жамгыр мындан сырткары, 3 кожолуктун короолорун каптап, 1 ички чарбалык көпүрөнү кооптуу абалга, 1 ички чарбалык жана 1 электр мамычасы жараксыз абалга келтирди. Учурда жергиликтүү жол чарба ишканаларынан техникалар тартылып, тазалоо иштерижүргүзүлүүдө.
Түндө Токтогул районунун Өзгөрүш айылаймагында нөшөрлөпжааган жамгырдын кесепетинен Тактык жайлоосунда сел жүрүп, 32 баш койду сел агызып кеткен. Азыркы тапта, райондукЖарандык коргоо комиссиясы сел болгон жерге барып тактоо иштерин жүргүзүүдө.Айыл аймактагы ветеринардык кызматкерлер тарабынан өлгөн койлор коопсуз жергекөмүлдү.