Бала - тапкандыкы эмес, баккандыкы
Новость photo: ktrk.kg

Балдардын күлкүсү жаңырган, бактылуу учурларды материалдык байлык менен салыштыруу  мүмкүн эмес. Өкмөт карасын, баксын,- деп отурбай аракет кылып, келечегибиздин жакшы болушуна  өзүбүз кам көрүшүбүз керек.

POST1RIGHTУшул пикирдин ээси Тамара Токтомаметова - баш аягы 30дай бала тарбиялап, учурда он сегиз баланы багып өстүрүүдө. Жеке демилгеси менен Ош аймагындагы кароосуз калган балдарды асырап, аларга энелик мээримин төгүп.

«Алтын уя»  үй-бүлөлүк балдар үйүндөгү  Анара, 16 жашта экенине карабай, ашпозчулуктун сырларын мыкты өздөштүргөн. Ар бир тамакты  үй-бүлө мүчөлөрүнүн табитине жараша даярдаганга аракеттенет. Өзгөчө кичүү инилеринин каалоосу эске алат.