Кыргызстанда «Ак Илбирс» киносыйлыгына талапкер тасмалар тандалды. 14 номинациядан турган бул сыйлыкка 2015-жылы тартылган 15 фильм ат салышууда. Толук жана кыска метраждуу, документалдуу тасмалар деген үч номинациянын ар биринде бештен тасма бар. Мындан сырткары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мыкты делген тасмасы дагы тандалып, сыйлыкка татыктуу болот.
“Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгы быйыл 5 ирет уюштурулуп жатат. Ал кыргыз кино өнөрүнүн жетишкендиктерин даңазалап, киночуларды шыктандыруу максатын көздөйт. Бул жылы толук метраждуу тасмалар тизмесине “Раззаков”, “Арзы”, “Биртууганчик”, “Асман алдында” жана “Сүтак” кирди.
Тасмаларды тандоо боюнча түзүлгөн калыстар тобу дагы ачык негизде тандалып алынганын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары билдирди. Калыстар тобу Кинематографисттер уюмунун мүчөлөрүнөн куралган.POST1RIGHT POST2LEFT
Кыргызстандын “Оскары” аталып жүргөн “Ак илбирс” сыйлыгына быйыл Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мыкты делген тасмалары дагы ат салышкан. Ал эми үч номинация боюнча жеңүүчүлөр алдын ала аныкталды.
"Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы негизделип, кыргыз өлкөсүнүн аймагында кинематография тармагында мыкты жетишкендиктер үчүн 14 номинация боюнча берилип келет. Кийин “Борбор Азиянын мыкты тасмасы” деген наам менен толукталган.
Сыйлыкты негиздөөчүлөрдүн бири Таалайбек Кулмендеевдин айтымында, туура багыт алган ар бир иш, улам өнүгүп отуруп максатына жетет. Жылына канчалаган кино тартылбасын, бул нерсе өнүгүүгө гана жол ачып, жакшылары бат эле иргелип чыгат.
"Ак Илбирс" улуттук кино сыйлыгы жакшыларды иргеп, жаш киночуларга шык берүүнү уланта берет. "Мыкты тасма" номинациясында "Асман алдында", "Биртууганчик" жана "Сүтак" фильмдери ат салышып, кино жаратуучулар жыйынтыкты күтүп жаткан мезгил.