Бишкек: нөшөрлөгөн жамгырдан бир нече турак-жайды суу каптап калды
Новость KTRK/videograp

Быйылкы жаз айларында күндүн кабагы ачыла элек. Өзгөчө апрель айынан тарта жамгыр күчөп, кыялын көрсөтүүдө. Кечээ түнү ортосунда башталган нөшөрлүү жамгыр Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарды түйшүккө батырды.

Бишкектин төмөн жагында жайгашкан Дордой конушундагы бир нече үйдү ичи сыртына чейин сууп каптап кеткен. Нөшөрлөгөн жамгыр Айнагүл Кабылбекованын айласын кетирди. 

POST1RIGHT

Анын короо жайы гана эмес үйүнүн ичине чейин суу кирген. Таң аткандан бери сарыккан суу менен алышып жатат. Кичине болсо дагы тыгынчык болсун деп, аккан сууга тосмо жасап, нугун буруу менен алектенүүдө. Жабыркаган жалгыз бой айым кимден жардам сурашты билбей турган чагы.

MEDIA1LEFT

Жалпы Дордой базарынын асты жагында орун алган 10 чакты үйдү жаандын суусу каптаган. Көлчүк Дордой базарынын этегиндеги кампалардан сарыгып отуруп чогулат. 

Бирок суу агып өтчү арыктар жок болгондуктан үйлөрдү каптаган. Бизнесмендер алакандай жер калтырбай, арыктан өйдө түздөп кампа куруп алып, жыйынтыгында конуштун жашоочулары жабыркады. 

MEDIA2RIGHT

Тиешелүү тармактар түшкө маал топтолгон сууну андан ары агыза турган арыкты казууга киришти. Дегеле Бишкектин ылдый жагындагы конуштарда мындай маселе курч. Район башчы маселени бир убакта жөнгө салууга каражат жетпей, четинен жумуштар жасалып жатканын билдирди.

Өлкө аймагында табият кырсыктары бир топ катталат. Бирок маалыматтын аздыгынан уламбы же жарандар бул жеңилдикке кайдыгер карайбы, азырынча камсыздандыруунун маанисин түшүнгөн адамдар азыраак болууда.