Ош шаарында мындан 25 жыл мурун түптөлгөн, Надырбек Шамырбеков атындагы куурчак театры, колдоого муктаж. Куурчак театры ишин баштаган күндөн тарта өз имараты жок, Улуттук кыргыз драма театрынында ижарада турушат.
Маселен башкы каармандарга айланган курчактар тар бөлмөдө кейиштүү абалда сакталат. Мында 32 спекталга катышкан 300гө жакын куурчак бар. Эрежеге ылайык сактоого шарт болбогондуктан четинен жарактан чыгууда.
POST1RIGHT Театрда куурчактарга жан киргизген 38 адам эмгектенет. Алардын абалы дагы куурчактар сымал кыйла оорлошкон. Россиядан эки жогорку окуу жайды бүтүп келген башкы режиссер, болгону 5 миң сом айлык менен жан багат.
Куурчак театры 25 жылдан бери иш жүргүзүп келет. Бул убакыттан бери Улуттук кыргыз драма театрында баш калкалап келет. Чоң сахна көп бошобогондуктан такси жалдап айыл кыдырып турушат.
Чечилбеген көйгөйүн айтып маданият жана маалымат министрлигине, Өкмөткө көп эле кат жолдошкон. Бирок ушул күнгө чейин имарат курулат деген, жооп келе элек.