КТРКнын Байкоочу кеңешинин маалыматы угулду
Новость

Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети коомдук теле радио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин өткөн жыл ичинде жасаган ишин карап аны жактырды. Деген менен айрым сындар айтылды. Өзгөчө санариптик берүүнүн сапатына нааразычылыктар айтылды. КТРКнын Байкоочу кеңешинин башчысы Абды Сатаров баяндама жасап, жыл ичиндеги жасалган иштерди тизмектеди. Байкоочу кеңеш каналдын башкы директорунун жасаган ишине оң баа берди.

Ал мындан сырткары кошумча каналдардын ачылганы, санарипке өтүүдөгү иштер боюнча кенен маалымдап, кадрдык потенциалды жогорулатуудагы аракеттерге токтолуп кетти. Комитет мүчөсү депутат Рыскелди Момбеков КТРКнын сайтынын жакшы иштебей жатышын белгиледи. Мындан сырткары санарипке өтүүдө сапат начар экенине нааразычылык билдирди.

Санариптик берүүнүн сапатынын начардыгына Коомдук каналдын тиешеси жок экенин КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков белгиледи. Комитеттин башчысы Садык Шер-Нияз КТРКнын жана анын жетекчисинин бийлиги зор экенин, аны туура пайдаланыш зарылдыгын айтты. Ал ошондой эле, Байкоочу кеңешти каналдын кызматкерлери менен биргеликте бир тармакты алып, аны өнүктүрүүгө чакырды.

Комитет депутаттары тарабынан КТРКнын журналисттеринин мамлекеттик тилдин эрежелерин сактоосу, тил байлыгы, теле берүүлөрдүн сапаты, арасында элдин турмушуна жакындарын, пайдалууларын көбүрөөк берүү боюнча сындар, сунуштар айтылды. Деген менен айтылгандарды эске алынып, КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету кабыл алынды.

Бозулан Ысаков, “Биринчи радио”