Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2015-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматын угуп, колдоого алды.
Талкуунун жүрүшүндө КТРКда соңку учурда жүрүп жаткан реформалар мактоого татыйт деди- депутаттар. Ошол эле учурда кемчиликтердин үстүнөн иштөө сунуштары да берилди. Эми КТРКнын Байкоочу кеңешинин маалыматы жалпы жыйындын талкуусуна чыгарылат.