18-апрелде өлкө аймагында жаап өткөн нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдар эсептелип чыгууда. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жалпы Жалал-Абад облусу боюнча 1 млн 218 миң 400 сом, Ош облусу боюнча 3млн. 927 миң 500 сомдук материалдык чыгым эсептелинди. Ал эми Чүй облусу боюнча зыяндын өлчөмү облустук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан такталууда. Адистер сел каптоо көрүнүшү жай айларына чейин республиканын бардык аймактарында болушу мүмкүндүгүн эскертишет.
18-апрелде республиканын аймагында жамгыр катуу жаап, табигый кырсык айрым райондордогу социалдык инфраструктураны жабыркатты. Тактап айтканда, турак үйлөр, социалдык обьектилер, айыл ичиндеги чарбалык жолдор жана айыл чарба, жеке менчик жерлердеги жашылча жемиш, айдоо аянттарын олуттуу жабыркатты. Ал эми Чүй облусунда “Өзгөчө кырдаал” режими жарыяланган эле. Селден өзгөчө Чүй районундагы Бурана, Ак-Бешим, Ибраимов айылдары жабыркап, учурда калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда. POST1RIGHT
Ал эми Ош облусуна караштуу Ала районунда болсо 18-апрелде жааган жамгырдан бир айыл аймагы жабыркады. Будалык айыл аймагындагы Октябрь айылында ички чарбалык сел өткөрүүчү канал, көпүрө, турак үйлөрдүн короосун, айдоо жерлерди зыянга учурткан. Ушундай эле кырдаал Ош облусундагы Ноокат, Кара-Суу райондорундагы жана Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука, Сузак, Аксы райондорундагы бир катар айылдарда катталды. Учурда бул эки облус боюнча кырсыктан пайда болгон материалдык чыгым эсептелип чыккандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчисинин орун басары Азамат Мамбетов билдирди.
Табигый кырсыктар Жалал-Абад облусунда көп катталат. Өзгөчө Сузак районунда жер көчкү, сел каптоо көрүнүшү көндүмгө айланган дешет адистер. “Азыркы тапта суу райондун аймагынан өтүүчү дарыяларда суунун жээгин бекемдөө иштери планда көрсөтүлгөн багытта жүргүзүлүп жатат. Коркунучтун бардыгын жойсо болот, бирок каражаттын тартыштыгы кендирди кесип турат”-дейт Жалал-Абад аймактык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Сонун Отонбаев.
Ал арада кыргыз гидрометерология агенттиги 30-апрелге чейинки аба ырайынын болжолдуу билдирүүсүн таратты. Синоптиктердин маалыматына ылайык, 26-27-апрель күндөрү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. 28-апрелде ушундай эле аба ырайы Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында болушу мүмкүн. айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы 29-апрель күнү түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 30-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерледре жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
Г.Каражанова, “Биринчи радио”