Селдин кесепеттери
Новость KTRK/videograp

Бул жумада Чүй облусунда “чукул кырдаал” режими жарыяланды. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Бурана дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суу ташкындап, үйлөрдү каптаган.

Ош облусунун айрым аймактарында сел дагы жүрдү. Кара-Суу жана Алай райондорунда суу нугунан чыгып, айылдардагы кароо жайларды каптап, элди чыгымга учуратты. 

POST1RIGHT Оштогу Алчалуу айылы. Бул кыштакты жыл сайын 3-4 жолу суу каптайт. Анткени тоонун түбүндө жайгашкан. Жыл сайын жаз келери менен сел каптап, элди жүдөтө бергендиктен , жергиликтүү бийлик атайын селкана курууну мерчемдеген. Бирок аны кура турган тилкеде 2 турак жай жайгашкан. Айылдын өкмөтү кожолуктун ээлерин башка жакка көчкөнгө макул кыла албай убара. Он жылдан бери аларды аке-жакелеп келет, бирок алар көчпөйбүз дегенден башканы айтпай, ак эткенден так этүүдө.
Керимбек Кенжебаев, айыл башчы:

 “Бул жылгадан жаан жааган сайын мен билгенден 10 жылдан бери айылды сел каптайт. Селкана куралы десек бул жакта эки үйдү башка жака жылдыруу керек болуп атат. Алар болсо көнбөй келет. Ушул маселени тез чечиш керек.”
Мына ошол селкана жоктугунан быйыл дагы бир үйдүн ичине чейин суу кирди. Кожолукту суу каптаган маалда балдардын ата-энеси үйдө жок болчу. Кылдын учунда турган жети баланы үйдөн коңшу-колоңдор алып чыккан.

POST2LEFT
Сел Чүйдө дагы жүрдү. Түнкү экилерде бала-бакырасы менен беймаал уктап жаткан үйдүн ичине кирген суу Осмоналиевдин бүлөсүнө бир топ эле бүлүк салган.

Суу кожолуктун пайдубалындагы аба киргизүүчү түтүктөн кирип, полду жарып чыккан. Кожоюн түтүктөрдү жапканга аракет кылганы менен ал мээнетинен пайда деле болгон эмес. Анткени суу эбак полдун алдына толуп калган экен.

Үйдүн ичи ылайга толуп калган. Кошуна-колоңдор келип тазалаганга көмөк көрсөттү. Ал арада Осмоналиевдер беш баласы менен кошунасыныкында баш калкалоодо. MEDIA1RIGHT
Өлкө боюнча жалпысынан 100гө жакын үйдүн короосун суу каптаган. Бирок адистердин баамында бул жолку сел жеңил өттү.
Кубатбек Боронов, Өзгөчө кырдаалдар министри: 

“Оор абалга келди деген турак жайлар, социалдык жайлар жок. Негизинен короолорду каптады.”
Ал эми ичине чейин кирген турак жайлар көзөмөлдө болот. Кожолуктардын жер төлөсү менен пайдубалы кургашын күтүп, эгерде селдин кесепетинен үйдүн конструкциясына доо кетсе жардам берилет. Бирок ошол үйлөр салынып жатканда архитектуралык эрежелер туура сакталса, селдин кесепети турак жайларга азыраак тиймек экен.

Ошондой эле 100 гектардай айыл чарба жерин суу каптады. Азыр канча жерин жууп кеткени белгисиз. Такталып, текшерилүудө. Эгер жашылча менен мөмө жемишке селдин кесепети тийсе бул жагынан жардам берүү иши жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Мүмкүн салыктан жеңилдик берүү же урук менен камсыз кылуу жагы каралышы мүмкүн.

Азыр күн ысый баштаган мезгил болгондуктан күтүлбөгөн кырсык болуп кетпесин деп, селдин алдын алуу иштери жүрүүдө.  Чу дарыясы Кыргызстан менен Казакстандын чегин аныктап турат. Суунун аркы өйүзү казактарга тийиштүү болсо, берки жээк Кыргызстандыкы. 

Бирок дарыянын биз тарап жагы учурунда бекемделбегендиктен, суунун агымы улам жырып отуруп, бир топ жер Казакстанга өтүп кетти. Синоптиктердин маалыматы боюнча, 10-майга чейин аба-ырайы туруксуз болот. Нөшөрлөгөн жамгыр дагы жаашы мүмкүн.