"Журналистикага жол". Мына ушундай аталышта журналист Султан Жумагуловдун жаш кабарчылар үчүн колдонмо китеби жарык көрдү.
Анын бет ачары бүгүн Касымалы Баялинов атындагы китепканада өттү. Иш-чарага Жогорку окуу жайларынын журналистика факультетинин мугалимдери, студенттер жана медиа чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Султан Жумагулов колдонмо китеп - өлкөдөгү жаш журналисттерге бул кесип тууралуу маалымат берип, бул багытта устаттардын тажрыйбалары менен бөлүшүү экенин белгиледи. Азыркы учурда жаш кабарчылардын акыл-көрөңгөсүн кеңейтүү, журналистика тармагында кесипкөй адистерди даярдоо - замандын талабы болуп жатат, дейт автор.