Чүй өрөөнүндө өзгөчө кырдаал режими жарыяланды
Новость KTRK/videograp

18-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында сел жүрдү. Анын кесепетинен айрым ички чарбалык каттамдар жана көпүрөлөр бузулуп, таза суу келүүчү түтүктөргө кум толуп калды. Учурда жер-жерлерде селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Жарандык коргонуу комиссиясы жаратылыш кырсыгы алып келген чыгымды эсептөөдө.

Түнкү экилерде бала-бакырасы менен беймаал уктап жаткан үйдүн ичине кирген суу Осмоналиевдин бүлөсүнө бир топ эле бүлүк салган.
Бактыбек Осмоналиев, Чүй облусунун тургуну: 


“Түнкү эки болчу. Балдар чуркап, кошунаныкына жеткирип, өзүм таң атканча ушул жерде жүрдүм. Суунун нугун огородко досторум менен бурганга аракет кылдым.”
Суу кожолуктун пайдубалындагы аба киргизүүчү түтүктөн кирип, полду жарып чыккан. Кожоюн түтүктөрдү жапканга аракет кылганы менен ал мээнетинен пайда деле болгон эмес. Анткени суу эбак полдун алдына толуп калган.
Үйдүн ичи ылайга толуп калган. Кошуна-колоңдор келип тазалаганга көмөк көрсөттү. Ал арада Осмоналиевдер беш баласы менен кошунасыныкында баш калкалоодо.   POST1RIGHT
“Балдарымды көтөрүп чыкканга эле жетиштик. Калганы суу болуп калды. Кечээ кечке чейин кошунаныкында болушту. Кечинде бул бош турган кошунанын үйүн актап кирдик". 
Чүй боюнча селдин кесепети ушул үйгө көп тийген. Айрым турак-жайлардын пайдубалы бийик түптөлгөндүктөн суу үйгө кирген эмес, бирок жер төлөөсүндө суу дагы эле кылкылдаган бойдон турат.
Давлет Алимбеков, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары: 

“Негизинен оор акыбалга келген бир үй бар. Анын подвалына чейин суу кирген. Башка үйлөрдүн короосун каптап кеткен". 
Мындан тышкары айыл чарба жерлерин дагы суу каптаган. Бирок анын кесепети өсүп жаткан жер жемиш менен дан эгиндерине тийген жок, - дейт адистер. Деген менен жарандык коргонуу комиссиясы суу ичине чейин кирген турак-жайдын абалын текшерип, анын деңгээлине жараша жардам берүү боюнча чечим чыгарат. Ал эми селден улам сарайы кулап калса, аны калыбына келтирүү жагы каралган эмес.