Чүй облусунун бир нече райондорунда сел жүрдү
Новость KTRK/videograp

Чүй облусунда чукул абал жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облустун бир катар айылдары суу ташкынынан жабыркагандыгын маалымдады. Жалпысынан 8 турак үй, 17 сарай-короолорду суу каптаган. Туруксуз аба-ырайы жана тынымсыз жааган жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Ата жана Москва райондорунда сел жүрдү.

1,5 миңге жакын адамдын  жашоо-шарттары оорлошконуна байланыштуу Чүй облусуна чукул кырдаал тартиби киргизилип, кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери уланууда. Облустагы абалды министр Кубатбек Боронов жеке көзөмөлүнө алды.