Залкар акын Токтогулдун кичи мекениндеги музейи
Новость KTRK/videograp

Тогуз жолдун тоомундагы Токтогул району эң ириде эл ичинен суурулган таланттарга бай. Алардын арасындагы ак таңдай акын Токтогулга, анын шакирти Коргоолго жана мына ушул эки залкардын өнөрүн даңазалаган жазуучу-акын, драматург Жоомарт Бөкөнбаевге таандык материалдар алиге дейре алардын кичи мекениндеги музейлеринде сакталуу. 

POST1RIGHT

Ошондой эле жергиликтүү музей кызматкерлери айылдын чыга беришиндеги Токтогулдун жана анын бала-бакырасы менен шакирти Коргоолдун сөөктөрү жашырылаган күмбөздөрдү да камкордукка алышкан. 

Мындай эмгектери үчүн алар мамлекет менен өкмөттөн кошумча төлөмдөрдү деле талап кылышпайт. Тек гана алар ушул тарыхый жайды көрүп, мал-жандын тебелендисинен сактап калууга чамаларынын чактыгына кыжаалат. Балким, алардын бул мүдөөлөрү быйылкы тарых жана маданият жылында аткарылып калгысы бардыр.