Афиша түрмөгүнө көз салыңыз
Новость http://ipboard.net.ru

Музыка

Борбордо кайрадан жаз. Башкача айтканда жагымдуулугу менен арбаган, жандуу жашоого толтурган джаз музыкасынын убагы келди. 6-11-апрелге чейин ачык асман алдында 11- “Жаз-Бишкек-Жаз”  фестивалынын алгачкы концерти өтөт. Саамалыкка 8 өлкөдөн 11 музыкалык топ катышат. Суроолор боюнча 61-10-92 телефонуна кайрылсаңыздар болот

Театр

Куурчактарды сүйлөтүп, кыймылга келтирген куурчак театрынын артисттери бүгүн “Чабалекейдин жакшылыгы” оюнун тартуулашат. Саамалык саат 11:00 дө башталат.  Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын артисттери кичинекей бөбөктөр үчүн “Шректин укмуштуу окуясы” жомогун даярдап күтүп отурушат. Учурдан пайдаланып, наристеңизге кошулуп, сиз дагы балалыктын таттуу балын көз ирмемге болсо да татып алыңыз. Билет баасы 100-300 сомго чейин

Джузеппе Вердинин үч көшөгөлүү “Травиата” операсы менен Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын эшиги ачык.  Автор коом тарабынан өгөйлөнгөн аялды баш каарманы кылып, анын асылдыгын, жан дүйнөсүнүн сулуулугун белгилөө менен бирге, жеңил ойлуу чөйрөсүнөн бийик турганын көрсөткөн.

Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театры «Наристенин чаңырыгы» спектаклин тартуулайт.  7-10-апрелге чейин оюнга күбө боло аласыз. Ал эми Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театры 13-апрелден тартып Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклин коюшат.

Кино

Бүгүн киномандар үчүн Борбор калаадагы Россия кинотеатрында “Кино түнү” уюштурулат. Саат түнкү 23:00дө кино сүйүүчүлөрүн түрдүү шоу-программалар жана кинотасмалар күтөт. Өткөрүп жибербеңиз

Рахат  Кыдыртоктоева, Биринчи радио