Бүгүн 1-апрлеь күлкү күнүнө карата, Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин майданында, алгач ирет Бишкекте маскарапоздордун фестивалы болду.
Бул шоу-программада 18 клоун өз өнөрүн тартуулады. Анын 13ү кыргызстандык, ал эми бешөө Молдова, Украина жана Казакстандан келген.
MEDIA1RIGHT
Мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Тажиевдин айтымында, бул маскарапоздордун алгачкы гана фестивалы.
Кийинки жылы 1 -апрелде эл аралык фестивалга даярдануу иштери, азыртадан жүрүүдө. Эл аралык маскарапоздордун фестивалына Италиядан дагы бул өнөрдүн ээлери келери күтүлүүдө.