Коомдук биринчи каналдын журналисти Бахтияр Тукеев коррупция менен күрөшүү тууралуу даярдалган мыкты репортажы үчүн сыйлыкка татыды.
Өкмөттүн алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмү ошондой эле Германия кызматташтыгы уюму жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир катар эл аралык уюмдар теле-радио жана басылмалар арасында сынак жарыялаган.
MEDIA1RIGHT MEDIA2LEFT
Бүгүн аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылып, "zanoza.kg" жана "comment.kg" интернет порталдарынын журналистери жана Коомдук биринчи каналдын Социалдык-экономикалык программалар бөлүмүнүн журналисти Бахтияр Тукеев атайын сыйлыкка ээ болушту.