Жол эрежесин бузган айдоочулар айып акысын пос-терминал аркылуу төлөшөт
Новость

Мындан ары жол эрежесин бузган айдоочулар айып акысын пос-терминал аркылуу төлөшөт. Бул тууралу бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында кабарланды. Пос-терминал бүгүнкү күндөгүжемкорлукту толугу менен четке каккан, айып пул төлөөнүн бат жана ишенимдүү жолу.

Жолдо жүрүү эрежелерин жөө жүргүнчүлөр бузган мисалдар көп кездешкенин Руслан мырза ачыктайт. Ошондуктан жол эрежесин бузгандар боюнча айдоочуларды күнөөлөй берүү адислеттикке жатпай турганына токтолот.                    

“Сурамжылоо ырастагандай жарандык коом жол кайгуул кызматкерлеринин 90 пайызын пара алат деп белгилешет” - дейт “Бүт Дүйнө Кыргызстан” коомдук бирикмесинин өкүлү Болот Исмаилов. Бирок иш жүзүндө мындай эмес. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей жол кайгул кызматкерлеринин арасында таза иштегендери бар экенин эске салат

Акыркы мезгилдеги жол эржелерин бузгандар боюнча айып акыларынын кымбатташынан улам  жол эрежелерин бузгандардын саны кыскарганын жол кайгуул кызматынын улук инспектору Талант Сыдыков ырастады. Экинчиден жол боюна орнотулган көрмө камералар да эреже бузгандарга бөгөт койгонун кошумчалады.                             

Сеперчи Бакыт Бакетаевдин айтымында турмуштук көйгөйү көп айдоочу жолдо унаа башкарып баратып, ар кайсы нерселерди ойлоп, күтүүсүз кырсыкка кабылышы ыктымал. Ошондуктан жол кыймылына болгон көзөмөлдү эмес, айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин көбүрөк жүргүзүү зарылдыгын билдирди.                                                                                                   Пос-терминал банктын пластикалык карталарын төлөм үчүн кабыл алуучу заманбап электрондук жабдуу. Бүгүнкү күндө мындай жабдуу өлкөнүн бардык жол кайгуул кызматынын унааларына орнотулганын адистер эске салышат. Ал айдоонун убактысын үнөмдөйт жана түйшүгүн жеңилтедет.

К.Калилов, Биринчи радио