Кочкор районунун Дөң-Алыш айылында зоо музей ачылат
Новость http://ic.pics.livejournal.com/

Эртең,  Кочкор районунун Дөң-Алыш  айылындагы  Көкөбай Мамбеталиев атындагы орто мектептеги зоо музейде Багира атындагы илбирстин бурчу ачылат. Иш чараны уюштуруучулардын бири  НАБУ Германиялык жаратылышты  коргоо  фондунун  Кыргызстандагы  өкүлчүлүгүнөн  билдиришкендей,  зоо музейди  ачуунун башкы себеби  жергиликтүү калктын жана өсүп келе жаткан муундун илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоого кызыгуусун арттыруу,  Кыргызстандын жапайы жаратылышын коргоо максатында  “Жаш эколог” кружогун уюштуруу  болуп саналат.

 Белгилей  кетсек, Кочкор районунун  Дөң-Алыш айылындагы  зоологиялык музей  1961 жылы  социалисттик эмгектин Баатыры  Көкөбай Мамбеталиев тарабынан ачылган.  Музейде 500 жасалма моделден жасалган экспонаттар, курт -кумурска, жаныбарлар, канаттуулардын  түрлөрү бар.  Музейдеги  экспозиция  мамлекеттин  фаунасынын  ар тураптуулугун чагылдырат.