Миграция көйгөйлөрү менен жеринен таанышуу максатында мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов учурда Ош облусундагы Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Араван жана Ноокат районунда жүрөт Төраганын “Биринчи радиого” билдирүүсүндө, бүгүнкү күндө сырткы миграция аталган облуста жогорку көрсөткүчтө. Жергиликтүү калк менен жолугушуу учурунда өзгөчө кара тизме, башка мамлекеттерге кетип жаткан жарандарга чет жерге баруу-жүрүү эрежелери, миграциялык мыйзамдарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов кошумчалагандай, жолугушуу учурунда район тургундары миграция боюнча көйгөйлөрдү көтөрүп, чечүүнүн жолдорун айтып жатышат. Эл аралап, көпчүлүктүн пикирин угуу өз натыйжасын берүүдө деди ал.
Аталган мекеме өкүлдөрү билдиришкендей, миграция көйгөйү менен жеринен таанышуу иш чарасы республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөт.