Нооруз майрамынын тарыхы
Новость

Тарыхчылардын  айтымында Нооруз байыркы перси, азыркы иран элинде биздин  заманга чейинки экинчи кылымдан баштап майрамдалып келет.Ал Араб халифаты орногондон  кийин бүтүндөй түрк элдерине  жайылган маданият. 

 Нооруз жалпы түрк тилдүү элдин катарында бизге да  тарыхтын бир ыңгайы менен кирип калды –дешет тарыхчылар. Элибиз узак жылдар майрамдап келгендиктен, анын кайдан келип чыкканын  эле салбай да калдык. Нооруз кыргыздарга ислам дини таралган 8-9-кылымда келгенден улам гана, мусулман майрамы катары кабыл алынып калган. Нооруз –жаңы күн-деген түшүнүктү бергени менен  ирандыктарда  21-март  – жаңы жыл  тосуу майрамы.  Ал эми эгемендүүлүк жылдарында Ноорузга, кыргыз элинин  жыл ажыратуу салты   жана дүйнө тааным   ырым  жөрөлгөлөрү  аралашып кетти, бизде көктөм майрамы десек болот-дейт, тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев.         

Эми Нооруз  майрамынын кыргыз элине байланышына келсек.  Кандай гана эл болбосун анын тарыхы, маданияты  көркөм адабияты аркылуу   муундан-муунга баяндалат. Мисалы  кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында “Манас” эпосу баш болгон дастандар, элдик  макал-ылакаптарда, нооруз -деген түшүнүк кездешпейт. Мунун өзү нооруздун кыргыздын салттуу майрамы эместигине далил-  дейт, филология илимдеринин кандидаты, профессор Кадыркул Даутов.

Ал эми кийинки учурда Нооруз майрамынын ажырагыс  белгиси болуп калган, алас-алас  айтымдары   чынында кыргыз элинин ырымдарынын бири. Ушул сыяктуу эле элибиздин жыл ажыратуу  жөрөлгөсүн да ноорузга чаташтырган учурлар бар. Бул эгемендүүлүк жылдарында кайра  жаралган Нооруз майрамынын жөрөлгөлөрүнө аралашып кетти –дейт, профессор Курманбек Абакиров.

Нооруз майрамы Совет доорунда да  өксүй түшкөнү менен 1986-жылы кайра куруу мезгилинде  кайрадан жанданып, 1991-жылы 1-февралда  Жогорку Кеңеште кабыл алынып,  Президенттин чечими  менен расмий түрдө  элдик майрамдалып келет.Бир гана жери Нооруз –күн менен күн менен түн теңелген кездеги көктөм  майрамы. Ана кыргыз элинин жыл ажыратуу, жаңы жыл  майрамы менен чаташтырбоо керек. Ошондой эле  мусулман майрамы да эмес  -дешет тарыхчылар.

Зинакан Кайыпова,  Биринчи радио