Исхак Раззаковду эскерүү иш чарасы өттү
Новость

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковду эскерүү иш чарасы бүгүн Бишкек  шаарындагы үй музейинде болуп өттү. Ал Кыргызстанда гана эмес,  Борбор Азиядагы белгилүү мамлекеттик ишмер, кыраакы саясатчы болгон. Кыргыз, өзбек, тажик жана орус тилдеринде эркин  сүйлөгөн. Анын демилгеси менен Кыргызстанда  маданий мекемелер, жогорку окуу жайлар, ири өнөр жай ишканалары түптөлгөн.

Исхак Раззаковдун үй музейинде өткөн иш чарага коомдук ишмерлер, тарыхчылар, окумуштуулар жана студенттер катышты. Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов Исхак Раззаковду эскерип: “Белгилүү коомдук-саясий ишмер, таланттуу жетекчи, тарыхый инсан Исхак  Раззаковдун эгемен мамлекетибиздин мамлекет катары калыптанышына кошкон  эбегейсиз салымын эч ким тана албас”- деген калыс баасын берген.

Тагдырдын жазмышына ылайык, ал 8  жаш курагында туулган жеринен кетип арадан 27 жыл өткөндөн кийин өз  мекенине кайтып келген. Ошондо ал 35 жашта болучу. Исхак Раззаков чыныгы мамлекеттик жана алысты көрө билген ишмер болгон. “Мындай улуу инсандар өз элинин бактысына бүткөн инсандар болот”- деп эскерди коомдук ишмер Дооран Абдыкеримов.

Кезегинде Исхак Раззаковду көрүп, анын накыл кептерин уккан Лейлек районунун эмгек ардагери Карим Ташбалтаев ишмер инсандын өрнөктүү өмүр жолун эскерип, мындай улуу инсандардын тарыхта калган орду кийинки муундар тарабынан эскерилип турушун сунуштады. Ошондой эле анын элине сиңирген эбегейсиз эмгегин элге терең жеткерүү зарылдыгын белгиледи.

Исхак Раззаков көп жылдар бою Кыргызстан компартиясын жетектеп турган. 1961-жылдан 1967-жылга чейин бүткүл союздук мамлекеттик пландоо бөлүмүн башкарып турган. Анын сөөгүн Москвадан алып келүү боюнча түзүлгөн комиссия курамында болуп, жооптуу тапшырманы ишке ашыргандар катарында болгону үчүн ушул кезге чейин сыймыктанып келгенин саясат тануучу Жолборс Жоробеков эскерди.     

Кыргыздын чыгаан уулу Исхак Раззаков өмүрүнүн акырына чейин Москвада жашап, 1979-жылы 19-мартта дүйнөдөн кайткан. Улуу инсандын 20 жылдан ашуун  Москвадагы Кунцово көрүстөнүнө  коюлган сөөгү 2002-жылы Кыргызстанга алып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

К.Калилов, Биринчи радио