Ысык-Көл районунда балдардын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлгө алынды
Новость

Ысык-Көл районунда балдардын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлгө алынды. Райондогу 30 мектептин баарына жана балдар бакчаларына көрмө камералар орнотулду. Ал эми көл жээгиндеги райондун аймагынан өтө турган 154 чакырым жолдогу унаа кыймылы  көрмө кармералар аркылуу көзөмөлгө алынат. Райондун милиция кызматкерлери айылдарда жергиликитүү журт менен жолугушуларды өткөрүп, эл менен милиция ортосундагы мамилесин бекемдөө багытында аракеттерди ишке ашырууда.