1916-жылы орун алган Үркүн окуяларына тарыхый баа берүүдө, дүйнөлүк алкакта ой жүгүртүү керек
Новость http://ichef-1.bbci.co.uk/

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө тарыхый баа  берүүдө, дүйнөлүк алкакта  ой жүгүртүү  керек. Кыргыз элинин эркиндик үчүн күрөшү, эгемендүүлүктүн баасы   канчалык кымбат  экенин эске салуу менен  бизге сабак болушу керек.  Мындай пикир Кыргыз улуттук илимдер  академиясында өткөн тегерек  столдогу  талкуу учурунда айтылды.  

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын  тарых жана маданий мурас институту, 16-мартта: Үркүндүн 100 жылдыгына карата “ 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш: учурдагы көз караштар жана анын тарыхый мааниси”-деген темада, тарыхчылардын кеңири чөйрөсүн чогулган тегерек стол уюштурду.  Талкууга Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинен, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын тарыхчы окумуштуулары катышуусунда төрт саатка созулган талкуунун жүрүшүндө бир катар жүйөөлүү сунуштар айтылып жатты. Алгач  с алган Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы  Эркебаев, дүйнөдө колониялдык саясаттын түркүн мисалдары бар. Тарыхчылар бул тарыхый учурга дүйнөлүк тарыхый шарт-жагдайга салыштырмалуу далилдер менен баа берилиши керек деди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын мааниси, өткөн тарыхыбызды биле жүрүп, мамлекетибиздин жаркын келечегин  камсыз кылууга багыт алуу –дейт,  Кыргыз Республикасынын Президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн эксперти Зайырбек Эргешов.

Айтылган ойлорду  жалпылаштырып айтканда, бул 100 жыл мурдагы болгон өткөн тарыхый кырдаалдын, бүгүнкү эл аралык саясатка байланышы жок экени. Ал эми тарыхый учурга баа берүүдө: падышачылык өкмөттүн жергиликтүү элдин үстүнөн  эзүү саясаты, ошол кездеги гео саясаттын таасири да болгону белгиленди.

Зинакан Кайыпова, Биринчи радио