Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын артиллериялык тобу тарабынан 6 жолу артиллериялык атуу жүргүзүлүп, кар көчкү түшкөн эмес. 10-март күнү кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чаралары аяктап, артиллериялык топ туруктуу жумуш ордуна жетишти.