Өлкө аймагында жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясына караштуу сейсмология институтунан билдиришкендей, бүгүн саат 9 дан 30 минут өткөндө Алай тоо кыркаларында күчү 3,5-4 баллга жеткен жертитирөө болуп өткөн. Чоң-Алай районундагы Нура айылында силкинүүнүн күчү 2,5-3 баллды түздү. Алдын ала алынганмаалыматтар боюнча кыйроолор жана адамөмүрүнө коркунуч келген жок.