Жапондорду таң калтырган кыргыз кызы
Новость KTRK/videograp

Жапонияда өткөн ыр жарышта кыргызстандык ырчы биринчи орунду алды. Токиодо 8-мартта Нодожиймен дзе воорлд аттуу эл аралык сынакта кыргызстандык көзү азиз ырчы Гүлүм Касымбаева баш байгеге ээ болду. 

Бул сынакта 10 өлкөнүн ырчылары жапон тилинде ырларды аткарды. Бир нече этаптан турган сынакта Гүлүм Касымбаева улуттук кыргыз кийимин кийип, жапон тилинде ырдаган. Ыр жарышка Америка, Германия, Аргентина, Мексика, Канада, Франция жана башка өлкөлөрдүн өнөрпоздору катышты.