Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухамбет пайгамбар” дастаны түрк тилинде чыкты. Тарых жана маданият жылында, Түрк элдеринин маданий алакасын арттырууга кызмат кыла турган адабияттагы жаңылыкка мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулганын жазуучулар белгиледи.
Бул иш чараны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында уюштурган,Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фонду эки китепти окурмандарга акысыз таратты. Ал: Эгемберди Эрматовдун түрк тилине которулган “Мухамбет пайгамбар” дастаны жана түркжазуучусу Юнус Огуздун кыргыз тилинде чыккан“Темирлан” романы. Өз кезегинде Кыргызстандын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Акбар Рыскулов бул адабиятты даңазалаган иш чаранын деңгээлин белилей сөз баштады.
-Бүгүн бул иш чара мамлекеттик резиденцияда өтүп жатат. Анан залда Кыргызстандагы дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана Эгемберди Эрматов менен Юнус Огуздун калемдештери катышуусу көп нерседен кабар берет. Ал Эми Эгемберди Эрматовдун “Мухамбет пайгамбар” дастаны Кыргызстанда окурмандарын тапты. Эми казак, азербейжан, түрк тилине которулса бул чөйрөдө да керектелели белгилүү да.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, азыркы диний көз караштардын кагылышы күчөп турган кезде “Мухамбет пайгамбар” дастаны жана Юнус Огуздун “Темирлан” тарыхый романы түрк элдеринин арасында руханий азык береэки элдин достугун чыңдоодо орду чоң экенин белгиледи.
Төрөбай Зулпукаров: “Мухамбет пайгамбар” дастаны мусулман элдерине руханий азык берүүчү пайгамбар жана илим дүйнөсүн даңазалаган чыгарма, дүнүйө коомчулугу диний радикализм, террордук кооптонткон учурда орду салмактуу десем жаңылышпайм. Ошондой эле Юнус Огуздун “Темирлан” тарыхый романын да кошуп айтканда, эки элдин достугун чыңдоодо салым кошуп, тарыхый милдетин өтөй алат деп ишенем.
Ал эми буга чейин кыргыз окурмандарына: “Жаңыл Мырза”, “Ак Саткын менен Кулмырза”, “Отурар баяны”, “Кедейкан” сыяктуу поэтикалык драмалары кирген, 7 томдук чыгармалар жыйнагын тартуулаган эл акыны Эгемберди Эрматов бул чыгарманы жазууга 15 жыл даярдык көргөнүн айтты.
-Бүгүнкү иш чаранын жогорку деңгээлде уюштурулушу, мамлекетибиздин адабиятка, маданиятка жакшы, түз карашта болгону деп түшүнөм. Мен бул “Мухамбет пайгамбар” дастанын жазууга 15 жыл даярданып, айыл жерине барып тынч жерде 3 жылда жазып бүтүрдүм.
Эгемберди Эрматов бул чыгарманы жазганга чейин чыгыштын улуу классиги Низами Гянжабинин “Жети сулуу”, Кулкожо Акмат Яссабинин “Хикметтерин” которуп тажрыйба топтогондон кийин ишенимдүү киришкенин айтты.
Зинакан Кайыпова БИРИНЧИ РАДИО