"Ой талкуу" ток-шоусунун бул жолку темасы: "Акын-жазуучулар улуттук идеологиянын өзөгү боло алабы?" - деп аталат. Талкууга: Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, акын, драматург Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Карбалас Бакиров жана жаш акын Улан Дөөлөтов катышат. Талкууну Жылдыз Мырзабекова алып барган.