Кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чаралары улантылууда. 8-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымдарында Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын артиллериялык тобу жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу 11 жолу артиллериялык атуу жүргүзүшүп, мындан жалпы көлөмү 22000 метр куб болгон кар көчкү түшкөн, унаа жолго жеткен эмес. Кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары бүгүн улантылат.