Ашхабадда өтүп жаткан жабык имарат ичиндеги Азия оюндарында күжүрмөн самбо боюнча 74 кг салмак категория боюнча мелдеште Бекназар Раимкул уулу жеңишке жетти. Кыргызстандык спортчу Индонезиялык Джефри Топан Синамбела менен беттешип, 8:3 эсеби менен атаандашын жеңген.
Ал эми жарым финалда Түркмөнстандык Сатлык Карыевди 2:0 эсебинде жеңип финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Раимкул уулу казакстандык атаандашын 13:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
Бул алтын медаль Кыргызстандын куржунундагы 7-медаль. Ал эми ушул эле самбо боюнча Данияр Алымжанов жана Айткүл Абдылдабек кызы финалдык беттешке жетип, күмүш медалга ээ болушту. Тилек Аманкулов, Улукбек Мамытов, жана Салмоорбек Маматемин уулу коло байгеге ээ болушту.