Жан дүйнөбүзгө жагымдуу маанай тартуулап, көңүлдөрдү кубантып, жашообузга шаң кошкон обондуу ырлар кимдир бирөөлөрдүн ички дүйнөсүнө алаамат салып, он ойлонуп, тогуз толгонгон машакаттуу изденүү менен жаралат. Андыктан ырда автордун деми, жан дүйнөсүнүн бир үзүмү бар. “Бир ырдын баяны” программасынан Турдубек Эламановдун сөзүнө жазылган, Адылбек Кыязовдун “Гүлмира” аттуу ыры тууралуу баянды угасыздар.