Бекзада Жолборсова тоо-кен өндүрүш тармагындагы кызматкерлердин арасындагы сулуулук сынакта «Мисс Горнячка 2017» наамына ээ болду.
Бекзада Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде иштейт. Ал аталган наамды жеңүү менен Дубай шаарына 2 кишиге эс алууга жолдомо утту.
Сынак Кыргызстандын Тоо-металлургиялык союзу тарабынан уюштурулган.