ART-ORDO театр-фестивалында "Тумар ханыша" баш байгеге ээ болду
Новость

Кыргызстанда өткөн VI эл аралык ART-ORDO фестивалында Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры "Тумар ханыша" спектакли менен баш байгеге ээ болгонун аталган театрдын адабий бөлүмүнүн жетекчиси Нуркыз Рыскул кызы билдирди.

Эскерте кетсек, маданий иш-чара 11-16-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын театрлары катышкан.