“Арт-Ордо- 2017”: баш байгеге Чотурованын “Тумар ханышасы” спектакли татыктуу болду
Новость www

POST1RIGHT

Эл аралык “Арт-Ордо- 2017” театралдык фестивалда, баш байгеге Бактыгүл Чотурованын “Тумар ханышасы” спектакли татыктуу болду. Режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев. 

Сыйлык Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эл аралык тетаралдык фестивалды жайынтоо учурунда тапшырылды. 

Бул чыгармачылык изденүүнүн жемишин көрсөткөн өнөр майрамы болду- дешет адистер. Фестивалга Кыргызстан, Казакстан,  Өзбекстан, Тажикстан, Татарстандан 13 театр жамааты келген. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”