Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрын оңдоо кызуу жүрүүдө
Новость

POST1RIGHTАбдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көптөн бери күтүлгөн капиталдык ремонт кызуу жүрүп жатат. Театрдын башкы директору Болотбек Осмоновдун айтымында учурда оңдоп-түздөө иштери 60-70 пайызга бүткөрүлдү. 

Ордо калаанын бул маданий имаратында 1984-жылдан бери капиталдык оңдоо иштери жүргөн эмес. Театрды жаңылоо иштерин октябрга чейин аяктоону пландашкан.