Кыргызстан эгемендүүлүктүн 26 жылдыгын белгилейт
Новость

POST1RIGHTКыргызстан 31-августта эгемендиктин 26 жылдыгын белгилегени турат. 1991-жылы парламент “мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнүндөгү” декларацияны кабыл алып, Кыргызстан - эгемендүү мамлекет деп жарыяланган. Тарыхчылардын айтуусунда эгемендиктин баасын барктай билүү зарыл. Себеби ар бир Кыргызстандык үчүн эгемен өлкөдө жашаганы баа жеткис байлык. Ошондуктан күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү парзы турат.

MEDIA1LEFT1-августта Кыргызстан эгемендүүлүктүн 26 жылдыгын белгилейт. Дал ушул күнү көп улуттуу өлкөбүз эркиндикке жетип, элибиздин тарыхынын жаңы барагы ачылып, Кыргызстан азаттыктын жолуна түшкөн. 91-жылы эгемендүүлүктүн пайдубалын түптөөдө “легендарлуу парламенттин” орду өзгөчө. Кыйчалыш кырдаалда легендарлуу парламент чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, эгемен өлкөнүн түптөлүшүнө зарыл болгон бир катар маанилүү мыйзамдарды, укуктук ченемдик актыларды кабыл алган.