POST1RIGHTКадимки эле таш өлкөнүн айрым аймактарында эң керектүү жана эң маанилүү курулуш материалына айланган. Маселен, Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында таш менен турак үйлөрдүн пайдубалы тургузулуп, мал сарайлардын дубалдары, жада калса тосмолорго чейин таштар менен курулган.
Көк-Таш айылынын тургуну Сайдазим Каримов,30 сотка үлүш жерине бак тигип, анын тегерегин таш менен тосуп койгон. Бийиктиги 1 метрди чамалаган таш тосмону ылай аралаштырып уруп, тизмектеп тикелеген. Ашыкча чыгымды талап кылбаган курушулка болгону эмгек гана керектигин айтат. Айрым учурда тосмонун кулап калган жерлерин калыбына келтирип турат.