POST1RIGHTАлмазбек Атамбаев бүгүн Ош облусуна бир күндүк жумушчу сапарын жасады. Өлкө башчы жер көчкү жана жер титирөөдөн жабыркагандарга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын өзү текшерүүнү чечкен. Ушул жылы жаз айларында Кыргызстандын түштүгү бир катар табигат кырсыктарын башынан кечирип, ондогон адамдар каза таап, жүздөгөн кишилер жаракат алышкан. Көптөрү турак жайсыз калышкан.
POST2LEFTӨзгөчө кырдаалдар министрлиги жер көчкүдөн ар кандай деңгээлде жабыр тарткан миңдеген үй бүлөлөрдү аныкташкан. Алар Зергер жана Жапалак-Таш айыл аймагынын тургундары. Аларды башка жерге көчүрүү чечими кабыл алынган. Коопсуз аймак өтө алыс эмес жерден табылып, Кызыл-Октябрь, Кароол жана Төрт-Көл айыл аймактарынан 705 жер тилкеси бөлүндү.