Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командалары беттешет
Новость

Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командалары Бишкекте беттешет. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн командалары 5-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада кездешет. 

Анда футболчулар Азия чемпионатынын финалдык бөлүгүнө жолдомо алуу үчүн күч санашат. 

Оюн 20.00дө башталат. Ал эми билеттер 27-августтан тарта сатыла баштайт.