Бишкекте түрк кино жумалыгы өтүүдө
Новость

POST1RIGHT

Бишкекте түрк киносунун жумалыгы өтүүдө. Иш- чара 21-июлда башталган. Иш-чаранын алкагында күн сайын борбор калаадагы Октябрь кино үйүндө экиден түрк тасмалары көрүүчүлөргө тартууланууда. Арасында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде белгилүү режиссер Түркан Шарай тарткан тасма да бар.

Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасын белгилүү түрк режиссер Түркан Шорай 1978-жылы экрандаштырган. Дээрлик 40 жылдан кийин бул тасма Кыргызстандагы түрк кино жумалыгынын алкагында көрүүчүлөргө тартууланды. Мындан башка жакында эле экрандаштырылган 4 тасма жумалыктык алкагында көрүүчүлөргө көрсөтүлүүдө.
Жумалыктын ачылышына эки өлкөнүн расмийлери катышты. Иш-чараны ачып жатып Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков түрк тасмалары соңку учурларда Кыргызстанда популярдуу болуп жатканын айтып, теги, тили бир өлкөлөрдүн киночуларын биргелешкен, тарыхый тасмаларды тартууга чакырды.

“Селинга дарыясынын жээгинде жашаган кыргыздар менен түрктөр тууралуу тасма тартуу киночулар учун табылгыс байлык болмок”, - Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков. 

Иш-чара ыйман, адеп жана маданият жылындагы иш-чаралардын катарында. Эки өлкөнүн элчиликтери жана ТИКА уюму уюштурган жумалыкка Түркиядан 24 адамдан турган делегация келди. Курамында бийлик өкүлдөрү, режиссерлор, продюсерлер, артисттер бар.