Быйыл алты айдын ичинде жаратылыш кырсыгынын кесепетинен 105 киши каза болду. Бул былтыркы жылдын жарым жылына салыштырмалуу 5 пайызга көп. Мындай маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2017-жылдын I-жарым жылдыкта аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды.
Маалыматтарга караганда, 6 айдын аралыгында республиканын аймагында 284 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган. Келтирилген материалдык чыгым 663 млн 869 миң 600 сом. Өзгөчө кырдаалдардын басымдуулугу жер көчкү болду. 1990-жылдан 2016-жылга чейин (26 жылда) республика боюнча 518 жолу жер көчкү катталса, 2017-жылдын 5 ай ичинде 160 жолу жер көчкү жүргөн.