POST1RIGHT
Кыргызстан жылына 1 миллион 200 миң тонна буудай керектейт. Ал эми, ата мекендик дыйкандардын жылына 700 миң тоннага чейин гана буудай өндүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Ош облусунун Кара-Суу, Араван райондорунда, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай райондорунда оруп-жыюу өнөктүгү башталды.
Адистердин пикиринде, быйылкы аба-ырайынын жаанчыл болушу, кайрак жер аянтындагы кылкандуу дан эгиндеринин түшүмүнүн мол болуусун шарттаган. Кара-Суу районундагы эгин жыйноо аракетинен Айыл-чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары кабар алды. Жаныбек Керималиевдин айтымында, быйыл түшүмдүүлүк 20-25 центнерге көп. Жалпы республиканын аймагында 750 миң гектардан ашуун жер аянтына кылкандуу дан эгиндери себилген.
"Гектарына 25 - 26 центнерден алып атабыз, бул дагы жакшы көрсөткүч",- деди Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев.