Борбор калаада биринчи жолу театрлар таймашы өттү
Новость http://sputnik.kg

Өлкөдө алгачкы жолу болуп өткөн саамалык Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрда болду. Ага  Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры менен Мамлекеттик Учур Жаштар театры катышты.  Сынакта ар бир театр драма, трагедия жана  комедия жанрында өздөрүнүн эмгектерин көрсөттү.

Аталган саамалыкка өлкөнүн баардык театрлары катышып, өздөрүнү чыгармачылык дараметин сынай алышат.  Сынак Маданият, маалымат жана туризм министрлигин колдоосу менен ишке ашып жатат. 

MEDIA1RIGHT

Чыгармачыл инсандардын пикиринде мындай иш-чаралар атандаштыкты пайда кылып, алга жылууга түрткү болот. Театр сынчысы Жаныш Кулманбетовдун пикиринде сынак актерлерлор менен театрлардын изденүүсүнө түрткү болот. 

Сынактын жобосуна ылайык ар бир айланпага экиден театр ат салышмакчы. Анда катышуучулар  чыгармаларды өздөрү тандап калыстар менен кеңешип, сахнага алып чыгышар. Ар бир чыгармага 10 мүнөттөн убакыт берилген. Сынакты тушоосун кескен жарышта Учур Жаштар театрын  Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры озуп алдыга чыкты.

Өлкө аймагындагы баардык театрды алардын актерлордун чыгармачылыгынан баалаган сынак жыл аягында жыйынтыкталат. Биринчи орунду алган театр 1 млн сом байгенин ээси болот.