ЕАЭБ: бирдиктүү маалымат айдыңын түзүү маселеси талкууланды
Новость

POST1RIGHT

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы бирдиктүү маалыматтык айдың. Бул маселени эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары менен адистер тегерек үстөлдө талкуулашты. Саясат таануучу Игорь Шестаковдун айтуусунда, жыйын Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке төрагалык кылуусуна карата өтүп жатат. Отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык чөлкөмүн түзүүдөгү негизги маселелер жана анын мазмунуна камтыла турган маалымат саясаттын жол-жоболору кандай көрсөтүлүшү керек экени талкууга алынды.
“Биздин мамлекетти медиа аркылуу Россия, Казакстан жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрү кабылдайт. Ошондуктан медиа тармак да ЕАЭБ алкагында кабыл алынган келишимдерден, иш чаралардан артта калбашы керек”,- дейт саясат таануучу Игорь Шестаков.