Кадырбек Тажиев 70 жашта
Новость

POST1RIGHT

Кыргыз цирк дүйнөсүнө арналган 52 жыл. Өз ишин берилгендик менен аткарып, көрүүчүлөргө жарык маанай тартуулаган маскарапоз Кадырбек Тажиев 70 жашка чыкты.

Карылыктын караанына моюн сунбаган маскарапоз дагы деле цирк манежине чыгып, элге жагымдуу маанай тартуулап келет. 

Кадырбек Тажиев мындан 52 жыл мурун дал ушундай көрүнүш менен эл алдына чыккан эле. Ошол күндөн тарта минтип, бетин боёнууну өзү эле кыла салат. Ал эми маскарапоздун образын жаратууда ага даярдангандын деле кереги жок. 

 MEDIA1LEFTБул адам цирк дүйнөсү үчүн жаралгандай. Тубаса берилген талантын боорду эзген тамаша менен элге сунуштайт. 

Ак көңүл, тамашакөй жана жоопкерчиликтүү маскарапоз Кадырбек Тажиев быйыл 70 жашка чыкты. Бирок дайыма шайыр жүргөн артист өзүмдү 7 жаштагы баладай сезем -деп чыгармачыл топту тамашага салып өттү.

Күлкүлүү жана шаңдуу келген бул топ Кадырбек агайдын окуучулары. Өрнөктүү өмүрүндө мындай улан-кыздардын көбүн цирк дүйнөсүнө кошту.

Күлкү өмүрдүн мүлкү демекчи Союз убагында легендага айланышкан 3 маскарапоз жана элдин эсинен кетпеген 25 цирк номерлери. Булардын бардыгы азыркыга чейин замандаштарынын эсинде. 

Ар дайым Кадырбек Тажиевдин ишине колдоосун көрсөтүп, жанында жүргөн жубайы экөөнүн үй-бүлө кургандарына 39 жыл толду.