POST1RIGHT
Чоң-Алай районунда кайрадан очогунда 5 баллга чейин жеткен жер силкинди. Кыргыз Республикасынын cейсмология институтунун берген маалымат боюнча кечээ, 1-июунунда саат 21:10дө очогунда 5 баллга чейин жеткен жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында орун алган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымдады.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.