Таласта идентификациялоо иши аяктоодо
Новость KTRK/videograp

Талас облусунда ири мүйүздү малдарды идентификациялоо аяктады. Жыйынтыгында эт жана сүт багытындагы 47 миң 216 малга электрондук паспорт берилди. Адистер 5-июнга чейин мал жандыктарын маалымат базасына киргизүү иштерин аяктайбыз деп турушат. POST1RIGHT 

Оператор Сырга Смаилбекова компьютерде иштөө учун атайын курстан уч ирээт откон. Азыр ал мал ээси торпок сатып алса же аны сатса эмне кылуу керектигин жакшы билет. Малдын кулагына белги коюлганда Сырга үй жандыктарынын санын компьютердеги маалымат базасына киргизген.

Талас облусу боюнча малды системалык идентификациялоону, тагыраагы ар бир мал тууралуу маалыматтарды компьютердеги маалымат базасына киргизууну 5-июнга чейин аяктайбыз дешет адистер. Бирок ишти баштоо оной болгон жок. Малчылардын баары эле малын паспорттоону туура кабыл алышкан эмес.
Кара-Буура районунда жакында үй жандыктарынын баарын электрондук эсепке алуу аяктайт.

Облуста малды идентификациялоо 1-февралда башталып, 7-мартта аяктады. Жыйынтыгында 47 миңден ашык малдын башына биркалар тагылды. Эми малды маалымат базасына киргизүү иштери 5-июнда аяктайт.